«Тез жардамдын» үч кызматкери сабалды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте “Тез жардам” кызматынын үч кызматкери сабалды. Аларга бейтаптын күйөөсү кол көтөргөн.     

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя 17-сентябрда кечинде болгонун, милиция кызматкерлери ошол замат  окуя болгон жерге барып, 20 жаштагы шектүүнү кармаганын билдирди.

Сабоого шектелген жаран тергөө кызматына жеткирилип, кайра кое берилгени маалымдалды. Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү башталганы, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы маалымдалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты