Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Темирболот Абыкеев Баткен облусунун Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Темирболот Абыкеев Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким кызматынан 2024-жылы бошотулган.

Кара-Суу районунун ал кездеги акими Темирболот Абыкеев пара алууга шектелип кармалган  жана кйинчерээк акталган.

Ош шаардык соту 23-июлда кечинде Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин бөгөт чарасын карап, аны эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотуу чечимин кабыл алган. Темирболот Абыкеевдин аталган ишинде кылмыш жоктугуна байланыштуу деген себеп менен кыскартылган.

2024-жылдын 24-июнунда ОшТВ журналисттери аким Абыкеевдин тойдо жүргөнүн тартканда, аким журналисттин телефонун тартып алган. Ал эми 30-июнда блогер Гүлпери Жанышбек кызы кармалган. Жанышбек кызы Фейсбук баракчасына “Мени подстава кылышты, аким максатына жетти” деген билдирүү калтырган.

Темирболот Абыкеев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин инилери болот.

Сүрөттө: Темирболот Абыкеев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты