Telegram мессенжеринде алгачкы расмий жарнама пайда болду

  • 3 года мурун

7-ноябрда Telegram мессенжеринде биринчи расмий жарнама пайда болду. Буга чейин мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров тармакта жарнама жайгаштырыла баштарын жарыялаган.

«Sponsored» белгиси бар билдирүү мессенжердеги көптөгөн ири каналдарда акыркы чыккан посттордун алдында пайда болду.

Telegram мессенжери расмий жарнамалык билдирүүлөрдү 4-ноябрда сыноодон өткөргөн.

Мессенжердин негиздөөчүсү жарнама катталуучулары миңден кем эмес каналдарда гана пайда болорун билдирген. Жарнамалык материалдар чаттарда жана топтордо көрсөтүлбөйт. Колдонуучуларга Telegram’дагы жарнамаларды өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгү берилери күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты