Техас мектебиндеги куралдуу кол салуудан 21 киши каза тапты. Анын — 19у окуучу

  • 2 года мурун

АКШнын Техас штатындагы Ювалд шаарында жайгашкан башталгыч мектептердин биринде 24-майдагы куралдуу кол салууда кеминде 19 окуучу менен эки киши мерт болду. Бул тууралуу Associated Press кабарлады.

Буга чейин 14 окуучу жана бир мугалим набыт болгону кабарланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салууга шектүүнү полиция атып өлтүрдү. Ал Ювалд шаарынын жашоочусу – Сальвадор Рамос. Анын мындай кадамга барганынын себеби азырынча белгисиз. Шаардын көпчүлүк жашоочулары испан тектүү. Окуучулардын басымдуу бөлүгү аз камсыз үй-бүлөлөрдөн. Техас штатынын губернатору Грег Эбботтун айтымында, шектүү мектеп кампусуна автоунаа менен келип, имаратка винтовка менен кирген.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты