Тажикстанга жарым жылда 480 мигранттын сөөгү жеткирилди

  • 2 года мурун

Быйыл жарым жылда четте, негизинен Орусияда иштеп жүргөн 480 тажик жараны кайтыш болду.

Бул тууралуу Тажикстандын миграция кызматы билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 149га көп.

Өлүмгө оору, коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы, кырсык, киши өлтүрүү жана башка учурлар себеп болгон.

Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министри Ширин Амонзода быйыл февралда мигранттардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөтүлөрүн билдирген. Бул арада мигранттар диаспора өз алдынча акча чогултуп, сөөктөрдү Тажикстанга жөннөтүп жатканын айтышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты