Тажикстанда Украинадагы согушта курман болгон төрт аскер кызматкеринин сөөгү жерге берилди

  • 2 года мурун

Украинадагы согушта Тажикстандын Хатлон жана Согди облустарында туулуп-өскөн төрт жаран курман болуп, сөөктөрү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу «Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, 17-мартта орус армиясынын катарында Украинадагы согушка катышкан 50 жаштагы Саидакбар Саидов Хатлон облусунун Тудабоён айылында жерге берилди. Анын сөөгүн Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасынын офицерлери алып келген. Азырынча анын Украинанын кайсы аймагында, качан жана кандай жагдайда курман болгону тууралуу маалымат жок.

Маркумдун агасы Ёрмухаммад Саидов ал СССР тарагандан кийин эле орус жарандыгын алып, Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөнүн билдирди. Ал журналисттерге мындан башка маалымат берүүдөн баш тартты.

Саидовдун айылдаштары анын Орусиядагы үч кызы жана эки уулу жетим калганын айтышты.

Мындан тышкары 201-орус базасынын аскерлери Украинадагы согушта курман болгон 38 жаштагы Рамазон Муртазоев аттуу орус жаранынын сөөгүн да Тажикстанга алып келишкен. Анын туугандары да журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышкан.

Украинадагы согушта курман болгон тажик тектүү дагы эки жарандын тек-жайы белгисиз. Айрым маалыматтарда ал жакта каза болгон тажикстандыктардын саны онго чейин жетиши мүмкүндүгү айтылды.

Орус армиясынын катарында Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын 19 жаштагы жараны да каза болгону ырасталган. Ал Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүргөнү жана Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Маркумдун сөөгү 23-мартта Кыргызстанга коюла турган болууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты