Тажикстанда сот эки журналистти камакка алуу чечимин чыгарды

  • 2 года мурун

Душанбеде сот журналисттер Абдусаттор Пирмухаммадзода менен Завкибек Саидаминини камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу «Озоди» радиосу Пирмухаммадзоданын туугандарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, журналист Сомони райондук сотунун чечими менен 27-июлда убактылуу тергөө абагына камалган. Аны менен адвокаты жолугуп чыккан.

«Анын ден соолугу жакшы. Тергөө уланууда. Тажикстандын тартип коргоо органдарына ишти адилеттүү иликтейт деп ишенебиз» деген ал.

Завкибек Саидамини менен дагы бир кармалган журналисттин жакындары Душанбедеги тергөө абагына тамак-аш киргизип жатышканын айтышты. Атын атагысы келбеген туугандардын бири Саидамининин жактоочусу жок экенин жана журналисттин өзүн 20 күндөн бери көрө электигин, анын абалы кандай экени тууралуу маалыматтары да жок экенин билдирди.

Вахдат шаарынын милициясы Абдусаттор Пирмухаммадзода менен Завкибек Саидаминини 8-9-июль күндөрү кармап кеткен. Бийлик Саидаминини өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясы» менен «Группа 24» кыймылы менен кызматташууга айыптап жатат. Пирмухаммадзода экстремизмге шектелүүдө.

Эки журналисттин тең туугандары коюлган айыптар ойдон чыгарылганын айтууда. Экөө тең социалдык тармактарда курч маселелер боюнча өздөрүнүн пикирин билдирип келишкен. Алардын кармалышы укук коргоо уюмдарынын сынына кабылган.

Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. Бир нече журналист аларга карата басым жасалып, телефон, ноутбуктарын алып кетип, өздөрүнө эскертүү берилгенин билдирүүдө.

Бир катар эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү Тажикстандын бийлигине кайрылып, журналисттерге карата куугунтукту токтотууга чакырышкан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты