Тажикстан ИИМи Хорогдогу митингдин бир катышуучусу каза болгонун ырастады

  • 2 года мурун

Тажикстандын ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-майда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарындагы нааразылык акциясы учурунда бир киши каза тапканын ырастады.

Мекеменин 17-май күнү эртең менен тараткан билдирүүсүндө «жаштар облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине куралдуу кол салып», жыйынтыгында үч укук коргоо кызматкери жаракат алганы жазылган.

«Хорогдун жаштарынан турган топ «Мамадбокир Мамадбокировдун буйругу менен жана Замир Назришоевдин жетекчилиги менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун ички иштер башкармалынын сот имаратында иштеп жаткан кызматкерлерине куралдуу кол салып, колго жасалган граната жардырышкан. Жыйынтыгында башкармалыктын жетекчисинин биринчи орун басары, ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн кызматкери жана атайын багыттагы бөлүктүн командири жаракат алды» деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Мекеме «куралдуу кол салуу маалында Замир Назришоев жарадар болуп, ооруканада каза болгонун» ырастаган. Бирок буга чейин бир нече булак ал башкача жагдайларда көз жумганын кабарлашкан.

Тажик бийлиги митингди уюштурууга Бадахшандын бейрасмий лидери Мамадбокир Мамадбокировду айыптап, ал мындай аракетке Улфатхоним Мамадшоеванын жана издөөдө жүргөн Алим Шерзамоновдун буйругу менен барганын билдирди.

16-майда «Озоди» радиосунун суроолоруна жооп берген Шерзамонов бул айыптоолорду четке кагып, митингдерге эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

Бул тажик бийлигинин акыркы үч күндөн бери туруксуз болуп жаткан Хорогдогу абал тууралуу алгачкы расмий билдирүүсү болду.

14-майда да Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Алар бул талаптарын аткаруу үчүн бийликке 16-майдын 16:00нө чейин убакыт беришкен. Бийлик митингчилердин талабы мыйзамсыз экенин билдирип, аны аткаруудан баш тарткандан кийин чогулгандар облустук администрацияны көздөй бет алышкан. Жолдо аларды укук коргоо кызматкерлери токтотуп, митингчилерге каршы желим окторду жана көздөн жаш агызчу газ колдонгон. Көп өтпөй Тоолуу Бадахшандын прокуратурасы митингди уюштургандарга карата кылмыш иштерин козгогону кабарланды.

Тажикстандын Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясында бир кишинин өмүрү кыйылган.

Бул маалыматты «Азаттыктын» тажик кызматына («Озоди» радиосу) кеминде төрт булак ырастады. Маалыматка ылайык, Гулакен конушунунун 1992-жылы туулган тургуну Замир Назаршоев милиция менен кагылышууда каза тапкан. 

Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бийликтин элди таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

Сүрөттө: Хорог шаарындагы нааразылык акциясы. 16-май 2022-жыл

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты