Тоолуу Бадахшандын борборундагы митингде бир киши мерт болду

  • 2 года мурун

Тажикстандын Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясында бир кишинин өмүрү кыйылганы белгилүү болду.

Бул маалыматты «Азаттыктын» тажик кызматына («Озоди» радиосу) кеминде төрт булак ырастады. Маалыматка ылайык, Гулакен конушунунун 1992-жылы туулган тургуну Замир Назаршоев милиция менен кагылышууда каза тапкан. Тажик бийлиги Хорогдогу дүйшөмбүдө болгон окуялар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Буга чейин «Озоди» радиосунун булактары Хорог шаарында нааразылык акциясында кеминде үч киши жараат алганын билдиришкен. Маалыматка ылайык, 16-майда милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгон.

14-майда да Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын «мыйзамсыз» деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан.

Сүрөттө: Хорог 2022-жыл, 16-май. Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты