Тазабек Икрамов: Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип жана бошотуп коюуңуздарды суранам

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандарды кечирип коюуну жана орозо учурунда аларды бошотууну өтүндү. Бул тууралуу депутат Фейсбук баракчасында билдирди.

-Мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эже-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта отурушат. Бийликтин душмандары башкалар. Ыйык орозо айынын ар бир мүнөт соопчулугун текке кетирбей колдонуп калгыла. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюуңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек, -деди Тазабек Икрамов.

    

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.  Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты