Танк биатлону: Кыргызстан командасы жарышка 14-августта чыгат

  • 2 года мурун

Россиянын Москва облусунун  «Патриот» паркындагы эл аралык аскердик музейинде  «АрМИ-2022» алкагындагы «Танк биатлону-2022» мелдешине катышуучу командаларга жана танк экипаждарына чүчүкулак өткөрүлдү.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматкп ылайык, чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстындын курама командасы жашыл түстөгү гильзаны алып, Россия, Кытай, Беларусь мамлекеттеринин командалары менен бир тайпага түштү.

Эл аралык «Танк биатлону-2022» мелдеши 13-августтан 27-августуна чейин өткөрүлүп, Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 21 мамлекетинен турган командалары катышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы жарышка 14-августта катышат.

Сүрөт: Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты