Талибдер аялдарга эркектердин коштоосусуз сапарга чыгууга тыюу салды

  • 2 года мурун

«Талибан» өкмөтү Ооганстандагы такси айдоочуларына «эркектердин коштоосу жок узак сапарга чыгам деген аялдарды автоунаага отургузууга» тыюу салды.

Мындай чектөө ооган аялдарынын укуктарына байланыштуу тынчсызданууларды ого бетер күчөттү.

Эми Ооганстанда 72 чакырымдан алысыраак аймакка сапарга чыгам деген кыз-келиндер үй-бүлөсүндөгү эркек тууганынын коштоосу жок таксиге же коомдук транспортко отура албайт. Ошондой эле транспорттун бардык түрлөрүнүн айдоочулары хижаб кийбеген аял жүргүнчүлөрдү унаага салбашы керек.

«Талибан» кыймылы түзгөн өкмөттөгү Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги дал ушундай сунуштама чыгарганы белгилүү болду. Муну министрликтин басма сөз катчысы Мохаммад Садик Акиф 26-декабрда ырастап, мындай чечим шариаттын негизинде кабыл алынганын айтты.

Бозгундагы оогандык юрист Харун Рахими мындай сунуштамадан кийин Ооганстанда ыдык көргөн аялдар көбөйө турганын эскертти.

«Талибдер ооган аялдарынын дене мүчөлөрүнө жана кыймыл-аракетине көзөмөл кылуу укугун таксисттерге берип койду. Бул аялдарды кодулоого жол ачат жана коомдук жайлар кыз-келиндер үчүн коопсуз болбой калат», — деп жазды Твиттерге эксперт.

«Талибан» кыймылы быйыл август айынын ортосунда Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин жалаң эркектерден турган өкмөт түзгөн. Жаңы өкмөттүн өкүлдөрү өлкөдө адам укуктары сакталат жана 1990-жылдардагы үрөй учурган катаал чаралар кайтып келбейт деп ишендиришкен. Бирок байкоочулар өлкөдө акыркы бир нече айда көпчүлүк аялдарга иштөөгө тыюу салынганын, алардын билим алуу укугу чектелгенин билдирип келишет.

Ооганстанда бийлик алмашкандан кийин бир нече жолу кыз-келиндердин укугунун сакталышын талап кылган ири акциялар өткөн. Талибдер ал митингдердин көбүн күч менен тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты