«Талибан» CASA-1000 долбооруна кошулду

  • 2 месяца мурун

Дүйнөлүк банк CASA-1000 энергетикалык долбоорунун Ооганстандагы бөлүгүн колдоону калыбына келтирди.

Бул тууралуу «Талибан» өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид «Х» (мурдагы «Твиттер») социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

«Дүйнөлүк банк эки жылдык тыныгуудан кийин CASA 1000 долбоорунун Ооганстандагы бөлүгүн колдоону калыбына келтирүүдө. Тиешелүү чечим өткөн жума күнү Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан өкмөттөрүнүн жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышкан Стамбулдагы жыйында кабыл алынды» деп жазды Мужахид.

Азырынча бул боюнча Тажикстандын бийлиги комментарий бере элек. Душанбе буга чейин «Талибан» кыймылы түзгөн Ооганстандагы өкмөттү тааныбай турганын бир нече жолу билдирген. Ошол эле маалда ал Ооганстанга электр энергиясын сатууну улантып келет.

CASA-1000 Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган долбоор. Анын алкагында Кыргызстандын ичинде электр тармактар комплекси модернизацияланып, жаңы көмөк чордондор жана жалпы узундугу 456 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы (500 кВ) электр өткөрүүчү линия курулат. Ал Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чубалгыларына барып туташып, Тажикстандын линиясы андан ары Ооганстанга жана Пакистанга кетет.

CASA-1000 долбоору 2021-жылы августта Ооганстандагы бийликти «Талибан» кыймылы басып алгандан кийин убактылуу токтотулган. Анда Ооганстандын аймагындагы иштердин 18% аткарылып бүткөнү кабарланган. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, долбоорго катышып жаткан башка өлкөлөрдөгү курулуш иштери дээрлик аяктады.

Сүрөттө: CASA-1000 долбоорунун картасы. www.casa-1000.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты