Таластагы мал базардагы уурулук: Шектүүнү эл сабап, байлап салган. Милиция тергөө жүргүзүүдө (Видео)
- 1 month мурун
- Видео
Бүгүн, 30-апрелде, эртең менен Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалгандыгы тууралуу видео тасмалар интернет тармактарына жайылган. Ал видео боюнча, эл болжол менен 25-30 жаштагы азиялык түспөлдөгү белгисиз бир кишини акча уурдады деген шек менен кармап алышкан.
Бул окуя боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, аталган билдирүү Талас райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге Талас райондук ИИБдин тергөө ыкчам тобу барып текшерүү иштерин баштаган. Текшерүү учурунда Бишкек шаарынын тургуну өзүн 1993-жылы туулган. Ш. уулу Э. деп тааныштырган жаранды мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, мал базардын батыш тарабындагы электр жарык берүүчү темир карагайга колунан жана белинен жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.
Текшерүү учурунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 1976-жылы туулган М.И. аттуу жаран мал базардан 60 миң сом акчасын уурдатып жибергендиги боюнча арыз менен кайрылган.
Мындан тышкары Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 1999-жылы туулган Ж. уулу К. дагы мал базардан кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун уурдатып жибергенин билдирген.
Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас райондук милицясына алынып келинген. Ал Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын, 1989-жылы туулган А. Э. экени аныкталган. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 миң 200 сом лынган.
Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас райондук ИИБдин бир нече кызматкери иш-алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына коркунуч келтирилбегени аныкталган.
Шектүүнү милицияга алып келишип, тек-жайын тактап, иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Кармалган шектүү боюнча, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу максатында текшерүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөт: Талас облустук ИИБ басма сөз кызматы.