Таласта Манастын айкели тургузулду
- 2 months мурун
- Видео
Талас шаарынын борбордук аянтында кечээ, 21-мартта, Айкөл Манастын айкелинин ачылышы болду.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов мындай деди:
-Дүйнөлүк адабияттан татыктуу ордун тапкан жазуучу Чыңгыз Айтматов “Манас” эпосун “руханий байлыгыбыздын туу чокусу” деп таасын белгилеген. Миң жылдык тарыхка ээ эпостун ичинде 600дөн ашуун адам ысымы, 800гө чукул географиялык аталыштар камтылганы, дүйнөнү чар тарабында Манас аттуу жер-суулардын бар экендиги дастандын улуулугунун дагы бир далили болуп саналат.
Айкелдин ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов катышып, сөз сүйлөдү.
Майрамдык салтанатта Улуттук Манас театрынын концерттик программасы тартууланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!