Таласта интимдик сүрөт чыгарабыз деп опузалап жана аны жашыруу үчүн милицияга пара берүүгө шектүү экөө кармалды  

  • 9 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматынын жана Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ)  кызматкерлери тарабынан 25-февралда өздөрү опузалоого шектелип, анысын жашырыш үчүн 150  миң сом пара берип жаткан жеринен эки жаран кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «10-февралда Талас облустук ИИБге Талас шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 8-февралда болжол менен саат 22:30 чамасында арыздануучунун уюлдук телефонуна белгисиз “interes_talas” аттуу инстаграм социалдык баракчасынан жазып, жеке аброюна шек келтирүүчү сүрөттөрүн коомго чыгарам деп коркутуп, 5 миң сом опузалап, эгерде белгиленген акча каражатын бербесе, видеосун баракчага чыгара тургандыгын айткан. Аталган окуя Талас облустук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголгон».

Тергөөнүн жүрүшүндө Талас шаарынын тургундары 1974-жылы туулган И.С. жана 2007-жылы туулган Т.Х. Талас облустук ИИБдин кызматкерине 150 миң сом берип жаткан жеринен кармалган.

Бул окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин дагы бир 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү И.С. жана Т.Х. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Таласта интимдик сүрөт чыгарабыз деп опузалап жана аны жашыруу үчүн милицияга пара берүүгө шектүү экөө кармалды  

Т.Х. аттуу жаран 25 миң катталуучусу бар “interes_talas” аттуу  инстаграм социалдык баракчасын иштетип жүргөндүгү, ал эми И.С. аттуу жаран анын тууганы экендиги аныкталган.

Сүрөттөр: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты