Талас облусунда жер бөлүштүрүүдө коррупциялык схема аныкталганы айтылды

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, (УКМК) айыл өкмөтүнүн токтомун жасалмалоо менен 43 жаранга жалпы 10 га 75 сотых жер тилкеси Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагынан берилген. Ыкчам маалыматка ылайык, жалпысынан 56 жер тилкеси  мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Айтматов райондук филиалынын адиси Э.А.Т. текшерүүнү токтотуу үчүн пара катары акча каражатын сунуштаганы айтылат.

2026-жылдын 20-январында УКМКнын  кызматкерине 100 миң сом пара берип жатканда, Э.А.Т. кылмыш иштин алкагында кармалды.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты