Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кылмышка шектелүүдө

  • 2 года мурун

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылы Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган «Бийиктик Инвест» ЖЧКсы менен белгисиз себептер менен аяктоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, 62 млн. 73 миң сомго келишим түзүлгөн.

Объекттин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин подрядчы тарабынан болгону 34 миллион сом жумшалып, аткарылган иштин көлөмү тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен буйрутмачы тарабынан эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган.

Бирок “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексинин иш көлөмүн контролдук өлчөөнүн жыйынтыгында, иштердин айрым көлөмү ашыкча, 6 млн 179 миң 952 сомго бааланганы аныкталган.

Мындан тышкары Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин адисинин катышуусунда подрядчы тарабынан белгиленген көлөмдөгү иштерди сапатсыз аткаруу жана ал ишти буйрутмачы кабыл алган факты аныкталды.

Алынган далилдерди негизинде, 2021-жылдын 10-декабрында жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, азыркы Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-

коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси Н.У.А. жана “Бийиктик Инвест” ЖЧК подряддык уюмунун директору С.К.А кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө киргизилди.

Жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты