«Талас» каналына түшүп кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды
- 2 года мурун
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү «Кичи Талас каналына» 24-июнда 14 жаштагы Т.А. жана 13 жаштагы Ы.Д. аттуу 2 кыз түшүп кеткен.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 25-июнда, саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөө жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.
Куткаруучулар издөө иштерин улантууда.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү