Талас электр тармактар ишканасы жеке уюмдардын карызын мамлекеттик мекемелерге төлөтүп келгендиги аныкталды

  • 7 месяцев мурун

Талас электр тармактар ишканасында бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Алар 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке аталган ишкана 4 761 578 сом зыян келтирген.

Талас электр тармактар ишканасынын айрым кызматкерлери жеке коммерциялык абоненттер менен алдын ала сүйлөшүп алып, узак убакыт бою алардын электр энергияга болгон карыздарын мамлекеттик органдарга кошумча ойдон чыгарылган кВт саат төлөмдөрдү кошуу менен жаап келишкени аныкталды.

Тактап айтканда, айрым бюджеттик уюмдар электр энергиясын керектөө үчүн мамлекеттик бюджеттен банк аркылуу төлөшкөн. Бирок Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери төлөнгөн каражаттарды финансылык жана бухгалтердик алдамчылык жолу менен коммерциялык уюмдардын (ири соода жана өнөр жай ишканаларынын) эсебине салып турушкан. Ошол эле учурда коммерциялык уюмдардын өздөрүнүн касса аркылуу төлөнүүчү каражаты накталай чыгарылып, өздөштүрүлүп турган.

Энергетика министрлигинин Кыргызстандын улуттук электр тармагына караштуу Чхй электр тармактар ишканасынын адистери жана “Аудит-Консалтант” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке аталган ишкана 4 761 578 сом зыян келтирген.

Бул факты боюнча “Түндүк электр” ААКнын мурдагы башкы директору О.Н.К. жана буга чейин “Түндүк электр” ААК Талас филиалынын шаардык тармагынын жетекчиси кызматын аркалап келген О.А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты