Талас: 7 млн ашык сом кымырып алгандардын иши сотко жиберилди

  • 1 год мурун

Талас облустук прокуратурасы тарабынан каражаты аз үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга багышталган өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттардын республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү боюнча кылмыш иштеринин тергөөсү аяктады.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн жүрүшүндө, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери Н.Н.А., Ч.Л.К., Х.Л.Н., К.Т.С., С.Г.А. жана «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун Талас райондук филиалынын кызматкерлерине кылмыш-жаза кодексинин 337 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 346 (“Кызматтык

жасалмачылык”), 379 (“Документтердин жасалмасын жасоо”) беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыптары угузулган.

Айыпталуучулар тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 7 млн 111 миң 586 сомдун орду толтурулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты