Табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясы курулат

  • 11 месяцев мурун

In-vitro лабораторияcs ишке киргизилсе, жылына 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөөрү пландалууда.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасында табигый жана таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйында айтылды. 

In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрдү өстүрүү болуп саналат. Ошондой эле клондоштуруу аркылуу өсүмдүктөрдүн эски сортторун калыбына келтирүүгө жана алардын санын көбөйтүүгө болот. Бул лаборатория ишке киргизилсе жылына 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөөрү пландалууда.  

Кыргыз улуттук агрардык университетине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин органикалык айыл чарба департаментине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты