Түркиядагы зилзала: Туризмге таасирин тийгизеби?

Түркияда бул жылдагы жайкы эс алуу мөөнөтү  кандай болот? Болуп өткөн зилзала туризмге таасирин тийгизеби деген суроолор менен Түркиядагы жана Кыргызстандагы туристтик агенттиктер менен байланышып, бул соболдорго жооп издедик.

Тундер Йылмаз: “Июнь айында бардык отелдер туристтерди кабыл ала баштайт”

“İlk yatırım” туристтик фирмасынын жетекчиси  Тунжер Йылмаз мындай пикирин билдирди:

-Отелдердин  ачылышы боюнча пландарда эч кандай өзгөрүү жок.  Ал эми чет элдик туристтердин жер титирөөдөн тынчсызданып жатышы боюнча Туризм министрлиги тарабынан тиешелүү түшүндүрмөлөр жүрүп жатат. Зилзала болгон аймактар деңиз жээктеринен, туризм аймактарынан  алыс.  Анталья жана анын айланасындагы облустардын жер титирөө боюнча эң коопсуз аймак экени изилденүүдө.

Атайын адистер туризм  апрель жана май айлары солгун болушу мүмкүн, бирок жай айлары жакшы болот деп эсептейт. Мейманканалар келишимдерге ылайык,  ачылыш даталарын өз убагында ишке ашырышат. Көптөгөн мейманканалар учурда жер титирөөдөн жабыркагандарды кабыл алышкан. Бул сезон ачылганга чейинки убакытка чейин.

Июнь айында бардык отелдер  туристтерди кабыл ала баштайт. Ал эми аларда жашап жаткандар мектеп, бала бакча жана башка имараттарга көчүрүлөт. Ар бир отель буга чейин орун алган эс алуучуларды эч кандай кечиктирүүсүз кабыл алат. Учурунда брондоо агымынын басаңдашы байкалууда, бул туристтик сезон үчүн көйгөй жаратпайт деп ойлойбуз.

Букет Тунжер: “Туристтик объектилерибиз эс алуучуларды кабыл алууну улантууда”

-Түркиянын түштүк-чыгыш аймагындагы 10 шаарды камтыган жер титирөөнүн натыйжасында мамлекетибиз, бардык уюмдарыбыз жана жалпы элибиз бир денедей жараларды айыктыра баштады. Ал жактагы элдин турмушу кайрадан баштагыдай калыбына келет, буюрса.  

Жер Ортолук деңиз, Эгей, Кара деңиз, Кападокия, Мармара жана Чыгыш Анадолу аймактарындагы мейманканаларыбыз жана бардык туристтик объектилерибиз конокторун тосуп алууну улантууда. Мейманканаларыбыз да жер титирөөдөн жабыркагандарды кабыл алып жатат. Анталиядагы мейманканаларда орточо эсеп менен 700 миңдин тегерегинде орундуктар бар. Өлкөбүздө мейманканаларда туристтерди жайгаштыруу маселеси жок.

Ансыз деле жер титирөөдөн жабыркагандардын көбү мейманканаларга гана эмес, мамлекеттик мекемелерге, үйлөргө, чатырларга жайгаштырылды.

Өлкөбүзгө көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстан мамлекетине жана элине чексиз ыраазычылык билдиребиз.

Кыргызстандан Түркияга эс алганы баргандардын саны жыл сайын арбып барат. Мисалы: 2019-жылы  118 миң болсо,  2020-жылы  500 миң, ал эми  2021-жылы  102 миң, 2022-жылы 147 миң болгон.

Рамин Махмудов: “Кыргызстандан Түркияга эс алуучулардын сапары токтогон жок”

Биздин өлкөдөгү жагдай тууралуу “Евротур”  агенттигинин директору Рамин Махмудовго кайрылганда, буларды айтып берди:

-Биздин агенттикте эс алуу жайларына алдын ала брондоо январь айынан эле башталган. Бардыгына белгилүү болгондой, тур пакеттерди ээлеп коюуда 40 пайызга арзандатуу бар. Түркиянын кайсы бөлүгүндө зилзала болду, кыргызстандыктар жакшы кабардар. Ал эми деңиз жээктериндеги туристтик аймактарында андай коркунуч жок.  Бизде  ошондой эле Түркиянын бир катар шаарларына атайын турлар бар. Эң арзан баада 7 күнгө барып келишет. Мисалы жакында эле Түркияда жер титирөө болгондон кийин 11-19-февралга чейин Караколдон эс алуучу топ Стамбулдан баштап, Анталия, Коня, Кападокияга чейин барып кайтышты..

Белгилей кетчү нерсе, Түркияда жыл бою туризмге шарт түзүлгөн.  Түркияга эс алуучулардын сапары токтогон жок. Жолдомолордун баасы да түшкөн жок. Өзүнүздөр көргөндөй учактардын баалары деле ошол бойдон калууда. Түркияга болгон быйылкы жайкы туристтик сезондо эч кандай өзгөрүү жок, -деди ал.  

Ошентип, Түркияда болгон жер титирөө кыргызстандык  туроператорлор менен агенттиктердин ишине терс таасирин тийгизген жок. Жайкы эс алууга билет алган туристтер сапардан баш тартышпаптыр. Турагенттер белгилүү курорттук жайларга алдын ала сатып алган билеттердин акчасын кайтарышкан эмес. Түштүк-чыгыш провинцияларында болгон чоң масштабдагы жер титирөөдөн улам Түркияга болгон суроо-талаптын азайышы байкалбайт.

Атайын “ПолитКлиника” медиасы үчүн:

Клара Кудайбергенова, Бишкек шаары.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты