Төрага Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

  • 10 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий иш сапарынын алкагында 26-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. 

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай. жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштын учурдагы абалы тууралуу сөз болуп, бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. 

Төрага Шакиев байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экендигин кошумчалады. Муну менен катар экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз кылып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү планын жакынкы аралыкта ишке ашыруу маселесине токтолду. 

Ал эми Касым-Жомарт Токаев эки мамлекет ортосунда алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде ыкчам чечилип жатканын билдирди. 

Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө да кеп кылып: «Өткөн жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөрүлүп, каада-салт, үрп-адаты окшош эки элдин маданий алакасы дагы бир тепкичке көтөрүлдү. деди Касым-Жомарт Токаев.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты