Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан бошотулабы? ЖК басма сөз кызматы комментарийледи
- 4 недели мурун
Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кызмат ордуна байланыштуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
-Аталган маселе Жогорку Кеңеште каралган жок. Учурда төрага парламенттеги депутаттык топторунун жетекчилеринин коштоосунда Түркия Республикасында расмий сапар менен жүрөт. Тагыраагы, делегациянын курамында “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов, “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасы Эльдар Сулайманов, “Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчѳлөрү Алишер Козуев, Гүлай Машрапова жана депутат Эльвира Сурабалдиева бар, -деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, УКМКнын орун басарларынын кызматтан алынышы учурунда сойиалдык тармактарда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан алыншы тууралуу да парламентте маселе көтөрүлөт экен деген маалыматтар тарап жаткан.
Сүрөт: kenesh.kg




