Төрага Нурланбек Тургунбек уулу депутат мырзалар менен Тажикстанга барды
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 15-сентябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Тажикстанга расмий сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.
Төрага Дүйшөмбү шаарындагы Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюп, тажик элинин тарыхый инсанынын элесине таазим этти.
Расмий сапар мындан ары жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланары күтүлүүдө.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Мурадыл Сыдыков, Пархат Тулендыбаев, Арсланбек Малиев, Бекмурза Эргешов, Чыңгыз Ажибаев жана Бактыяр Калпаев бар.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




