Түп районунун милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер башкармалыгынын опер кызматкери Б.А.Н. 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

УКМК басма өз кызматы маалымдагандай, Б.А.Н. кызмат абалынан кыянат пайдаланып, алдамчылык фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуп, жабырлануучудан акча опузалаган.

Аталган кызматкер буга чейин «МБанк» мобилдик банк тиркемеси аркылуу жабырлануучудан 13 миң сом алганы аныкталган.

Кармалган жаран Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты