Түп районуна аким дайындалды
- 2 года мурун
Шергазы Мурзахмедов Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров 7-сентябрда кол койду.
Буга чейин Шергазы Мурзахмедов айыл чарба мнистрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү