Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кече өткөрүлдү  

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз киносунун залкар режиссеру, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Маданий иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Төлүмөш Океевдин жакындары, кыргыздын белгилүү кинематографисттери, күйөрмандары катышты.

Иш-чаранын алкагында «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы даярдаган кыска метраждуу даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен уланды.

Төлөмүш Океев (1935–2001) кыргыз киносун дүйнөгө тааныткан «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш» сыяктуу чыгармалары менен маданий мурастын алтын казынасына кирген. Анын ысмы 2002-жылы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына ыйгарылган.

Сүрөттө: Төлөмүш Океев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты