Свердлов районунун “Көк-Сай” базарында жыйылган тактайлар өрттөндү

Кечээ, 26-октябрда, Бишкек шаарынына Свердлов районунун Орозбеков көчөсүндө Көк-Сай базарында жыйылган тактайлардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн. .

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 17:22де Свердлов районунан эки унаа жана штаб, Биринчи май районунан бир өчүрүүчү машина жөнөтүлгөн.

Кошумча саат 17:44тө Биринчи май районунан бир, “Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасынан эки суу ташуучу унаа тартылган. ӨКМден жалпы беш өрт өчүрүүчү унаа жана штаб тартылган.

“Көк-Сай” базарынан чыккан өрт саат кечээ, саат 20:16да өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты