Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү пара опузалоого шектелип кармалды
- 9 месяцев мурун
30-апрелде УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматынын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүн опузалап пара алган жеринен кармады.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жазык кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




