Сузакта опузалоо фактысы боюнча блогер кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Инстаграмм платформасында 200 миң катталуучусу бар Р.к.Ч ны кармады.
УКМК басма сөз кызматы билдиргендей. Р.к.Ч. аттуу блогер, Сузак районунун тургуну И.Т.Д.ны өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт/видеолорду таркатам деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
“Р.к.Ч. күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган. Андан соң даярдалган фото/видео материалдарды колдонуп, өгөй кызы менен интимдик мамилеси бар деп опузалап, И.Т.Д.дан 184 миң сом акча талап кылган” деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү