Суу түтүктөрүн оңдоого байланыштуу Лебединовкада суу убактылуу өчүрүлөт

  • 2 года мурун

29 — январда  саат 09:00дөн 24:00гө чейин бир катар турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багытындагы өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Суу убактылуу өчүрүлө турган райондор
Лермонтов, Жеңиш проспектиси, Чоң Чүй каналы (күн чыгышты көздөй), Садовый, Ленин, Гражданский көчөсү менен түндүктү көздөй ЧЧКга чейин, Энергетиктер шаарчасынын түндүк тарабындагы көчөлөрү менен чектешкен аймактар.

Ичүүчү сууну өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууңуздарды суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты