SuperTV телеканалынын журналистинин парламенттик аккредитациясынын алынышы эрежеге туура келбейт (Фактчекинг)

18-май күнү SuperTV телеканалынын башкы редактору Эльвира Караева Фейсбук баракчасы аркылуу каналдын журналистине Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн имаратка кирүүгө тыюу салынганын билдирген. Анда бул журналисттерге карата басым экени белгиленген. 

SuperTV телеканалынын журналистинин парламенттик аккредитациясынын алынышы эрежеге туура келбейт (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы журналисттер кандай учурда аккредитациядан  ажыратылат жана токтотула турганын карап көрдү.

Окуянын чоо-жайы 

11-май күнү  Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова менен   SuperTV каналынын журналисти Тахмина Кенжебек кызынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Анда журналист ашкана тууралуу Жогорку Кеңештеги ашкана тууралуу сюжет даярдап жатканын эскерткенде, тамактанып жаткан депутат Надира Нарматова “Ушул кылганыңар жакшыбы, аппаратыңарды коюп алып… Эмне депутаттар уруулук кылып жатабы? Элдин өкүлүбүз элдин алдында жумушубузду жасап жатабыз” деп айтканда журналист микрофонду депутатка сунат. Ал журналисттин колунан микрофонду жулуп алганга аракет кылганын видеодон көрүүгө болот. 

Бул окуядан кийин журналистти парламенттин имаратына киргизбей койгону белгилүү болот. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов “Азаттыкка” билдиргендей, телеканалдын кызматкерлерин сүйлөшүүгө чакырганда келбей койгон.

“SuperTV телеканалынын кызматкерлерин биз сүйлөшүү үчүн чакырсак келишкен жок. Биз алар менен сүйлөшүп бир пикирге келишибиз керекпи? Келишибиз керек. Биздин сөзүбүздү уккан жок. Келсе, сүйлөшөбүз”, — деди Каимов.

Ал эми SuperTV телеканалы мамлекеттик мекемеге кирүүгө эч кандай чечим жок эле тыюу салынганын мыйзамсыз деп эсептейт. 

Журналист аккредитациядан ажыратуу боюнча эреже бузган эмес

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин Жогорку Кеңешке аккредитациялоо жөнүндө эрежеде төмөндөгүлөй жазылган.

SuperTV телеканалынын журналистинин парламенттик аккредитациясынын алынышы эрежеге туура келбейт (Фактчекинг)
SuperTV телеканалынын журналистинин парламенттик аккредитациясынын алынышы эрежеге туура келбейт (Фактчекинг)

Жогорудагы жобого ылайык, атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүн эреже бузган учурда аккредитациядан ажыратууга укуктуу. 

-журналист тарабынан Жогорку Кеңештин иштиктүү кадыр-баркын, депутаттардын, кызматкерлердин ар-намысын жана абийирин кемсинткен чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтылганда;

-парламенттин иш-чараларынын жүрүшүндө коомдук тартип жана жүрүм-турум ченемдери бир нече жолу бузулганда;

-аккредитация боюнча ырастамасы бир нече жолу жоготулганда аккредитациясынан ажыратылат.

Бул эрежеге ылайык, SuperTV телеканалынын кызматкери тарабынан эреже бузуулар болгон эмес.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин ишин туруктуу чагылдырган журналисттерди аккредитациялоо бир сессиялык  мөөнөт менен жүзөгө ашырылып, аларга чип берилчү. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин журналисттер тизме менен киргизилип баштаган.

Жыйынтык:  Журналисттерин Жогорку Кеңешке аккредиттөө жөнүндө эрежесине ылайык, “SuperTV телеканалынын кызматкери тарабынан тартип бузуу болгон эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты