Super 4 Wrestling мелдеши: Кыргызстандыктар эки алтын, күмүш жана эки коло медаль утту
- 4 недели мурун
13-февралда Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренасында эл аралык Super 4 Wrestling мелдеши өткөрүлдү.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мелдеш беш салмак категориясында дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды бириктирди. Спортчулар Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Грузия, Монголия, Болгария, Япония жана АКШдан катышты.
Турнирге 5 миңден ашык көрүүчү келди.
Салтанаттуу ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, USP эл аралык платформасынын башкы директору жана долбоордун автору Казимир Байрамуков, ошондой эле эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Улан Султанов катышты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мындай деңгээлдеги турнир Бишкек үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, бул эл аралык спорттук байланыштарды бекемдээрин айтты. Мэрия мындай демилгелерди колдой турганын кошумчалады.
Греко-рим күрөшүндөгү башкы беттеш Акжол Махмудов (Кыргызстан) менен Айк Мнацаканяндын Болгария) беттеши болду. Акжол Махмудов татыктуу таймашып, жеңишке жетти.
Кыргызстандык Акжол Махмудов, Бекзат Алмаз уулу, Орозобек Токтомамбетов, Билол Шарип уулу, Малик Шаваев байгелүү орундарга ээ болду.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын балбандары 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль тагынды.
Бул мелдеште чемпиондору 10 миң доллар, финалга чыккандар 5 миң доллар, коло медаль ээлери 3 миң доллар байге алышты, катышуучулар менен машыктыручуларга 1500 доллардан берилди.
Ал эми 5 салмак категориясынын ар биринде төрттөн балбан катышты.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




