Судьялар кеңешинин төрайымы болуп Аида Сейдакматова шайланды
- 1 месяц мурун
6-мартта Судьялар кеңешинин жаңы курамынын биринчи отурумунда Судьялар кеңешинин төрайымы болуп Жогорку сот судьясы Аида Сейдакматова шайланды.
Бул тууралуу судьялар кеңешинин сайтында маалымдалды.
Судьялар кеңешинин төрайымы болуп Жогорку сот судьясы Аида Сейдакматова, ал эми төраганын орун басары болуп Чүй облусунун административдик сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев шайланды.
Судьялар кеңешинин төрагасы жана орун басары үч жылдык мөөнөткө шайланды.
Аида Сейдакматова буга чейин Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү болгон. Анын сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктары 2025-жылдын 5-мартында өткөн судьялардын курултайында судьялар кеңешинин курамына шайлангандыгына байланыштуу токтотулган.
Судьялардын XIII курултайында судьялар кеңешинин 15 мүчөдөн турган жаңы курамы үч жылдык мөөнөткө шайланды.
Сүрөттө: Аида Сейдакматова. Интернет булактарынан