“Жетелешип эле жүрүп, шпион, уйгур, четтен келген деп жамандап калдыңар”. Садыр Жапаровдун манипуляциясы

Бүгүн 17-декабрь күнү, Президент Садыр Жапаров  БШКнын акыркы чечимине ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттыгына өтпөй калган Жанар Акаевге Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди. Анда, гендердик квотага ылайык Жанар Акаевдин мандатынын Токтобүбү Оргалчага берилишине президенттин үй-бүлөсүнүн тиешеси жок экени жана Жанар Акаев партиялашын жамандап жатканы айтылат. 

“Эң кызыгы бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра “шпион, уйгур, четтен келген” деп жамандап калганыңар Кудайга да жакпайт.”,- деп айтылат билдирүүдө.

“Жетелешип эле жүрүп, шпион, уйгур, четтен келген деп жамандап калдыңар”. Садыр Жапаровдун манипуляциясы

Садыр Жапаров Инстаграмдагы сторисине да Жанар Акаев менен Токтобүбү Оргалчанын сүрөтүн чыгарган. 

“Жетелешип эле жүрүп, шпион, уйгур, четтен келген деп жамандап калдыңар”. Садыр Жапаровдун манипуляциясы

“ПолитКлиника” медиасы Садыр Жапаровдун айткандарын текшерип көрдү. 

Чуулуу мандат жана гендердик квота 

15-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн тартиби жана жыйынтыгы жөнүндөгү жобо өзгөртүлдү.  

Ага ылайык, 7 мандат алган партиядан 2 аял өтүшү керек деген ченем 3 аял өтүшү керек деген ченемге алмашылды.

Жаңы кабыл алынган жобого ылайык, “Альянс” партиясынан 4 977 добуш алган Жанар Акаевге эмес, 1 284 добушка ээ болгон талапкер — Токтобүбү Оргалчага мандат берилди. 

Жанар Акаев 16-декабрь күнү, Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсү боюнча комментарий берген. 

“Жетелешип эле жүрүп, шпион, уйгур, четтен келген деп жамандап калдыңар”. Садыр Жапаровдун манипуляциясы

Анда, Жанар Акаев добуш саналып бүткөн соң жобону өзгөртүү “акылга сыйгыс көрүнүш” деп сүрөттөп, БШК тандалма иштеп жатканын айткан. Башкачача айтканда, Жанар Акаев Токтобүбү Оргалчанын улутуна жана жердигине карата эч кандай сөз айткан эмес. 

Токтобүбү Оргалча же Оуерхалика Тохутибуби

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы Токтобүбү Оргалча деген ким экенин тактап көргөн. 

Токтобүбү Оргалча этникалык кыргыз, Кытайдын Кызыл-Суу автоном округунда 1972-жылы  төрөлгөн. ЖМКлардагы маалыматка ылайык, 1997-2012-жылдар аралыгында Үрүмчү шаарында Синьцзян медициналык университетинин алдындагы №1 ооруканасында кардиолог болуп иштеген. 

Ал эми “Альянс” партиясынын курамында төртүнчү катарда орун алып, парламенттик шайлоого катышкан.  

Юстиция Министрлигинин маалыматына ылайык, Токтобүбү Оргалча бир канча компаниянын негиздөөчүсү болуп саналат. Алар, кийим тигүүчү  «Томас КG»  жана жүргүнчүлөрдү ташыган “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниялары.

Буга чейин, “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясы Бишкек шаардык мериясы менен келишим түзүп бирок аткарбай койгону тууралуу маалымат чыккан. Ага ылайык, аталган компания мерия менен түзгөн келишим боюнча жүргүнчү ташуучу автобустарды убагында алып келген эмес. “Шыдыр Жол Кей Джи”  ишканасы Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигинин башкармалыгына автопарктын аймагын пайдалангандыгы үчүн 1 млн 53 миң сом өлчөмүндө ижара төлөмү боюнча карызы бар экени белгиленген. 

Мындан сырткары, Токтобүбү Оргалчага таандык  “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынын автобустары  Айгүл Жапарова түзгөн “Үмүт булагы” коомдук фонду менен байланышы бар экени белгилүү болгон. Бирок, Президенттин Администрациясы бул маалыматты четке каккан. 

Ошондой эле,  2020-жылдын октябрь окуяларында дагы “Шыдыр Жол Кей Джи”  компаниясынын автобустары Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү менен да белгилүү болгон.

Токтобүбү Оргалча өзүн “кытайлык шпион” деп атагандарга үй-бүлөсүнүн сүрөтүн көрсөтүп, кыргыз экенин билдирген. Бирок, Жанар Акаевдин мандаты жана депутаттык жөнүндө комментарий берген эмес. 

“Жетелешип эле жүрүп, шпион, уйгур, четтен келген деп жамандап калдыңар”. Садыр Жапаровдун манипуляциясы

Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы биринчи сыны эмес 

Президент, Садыр Жапаравдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы баракчалары 27-мартта верификациядан өтүп, расмий баракча катары белгиленген.

Бирок, буга чейин да Жапаровдун баракчасынан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге “Көзү эле эмес көөдөнү да сокур экен бул акмак- помощниктин” деген билдирүү калтырылган. 

Кийинчерээк, Президенттин аппараты Садыр Жапаровдун аккаунту чабуулга учураганын билдиришкен. Бирок андан кийин да, Президенттин баракчасынан Өмүрбек Текебаевди жана Роза Отунбаеваны каралаган бир топ маалыматтар бөлүшүлгөнүн “ПолитКлиника” медиасы аныктап чыккан

Жыйынтык: Жанар Акаев Токтобүбү Оргалчаны “кытайлык шпион” деп айткан эмес. Президент Садыр Жапаров Жанар Акаевдин сөзүн манипуляциялаган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты