​Роза Отунбаеваны күнөөлөгөн постко Садыр Жапаровдун аккаунтунан жактыруу белгиси коюлуп, бөлүшүлгөнү чындык (Фактчекинг)

Фейсбук социалдык тармагында, президент Садыр Жапаров “Америкада полициянын огунан каза болгон кыргыз жигиттин өлүмүнө Роза Отунбаева үн катпады” деген постту бөлүшкөнү тууралуу маалыматтар тарап жатат.


























ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Экс-Президент Роза Отунбаеваны күнөөлөгөн пост 8-октябрь күнү Чыңгыз Абдумомунов аттуу Фейсбук колдонуучусу тарабынан жарыяланган. Президенттин расмий баракчасында бул пост жок болгону менен, Жапаровдун аккаунтунан аталган постко жактыруу белгиси (лайк) коюлганын көрүүгө болот.

​Роза Отунбаеваны күнөөлөгөн постко Садыр Жапаровдун аккаунтунан жактыруу белгиси коюлуп, бөлүшүлгөнү чындык (Фактчекинг)

​Роза Отунбаеваны күнөөлөгөн постко Садыр Жапаровдун аккаунтунан жактыруу белгиси коюлуп, бөлүшүлгөнү чындык (Фактчекинг)

Бул сүрөткө фотошоп жасалып же жасалбаганын билүү үчүн fotoforensics.com сайтынан текшерип көргөнүбүздө, сүрөт өзгөртүүгө учурабаганы белгилүү болду.

​Роза Отунбаеваны күнөөлөгөн постко Садыр Жапаровдун аккаунтунан жактыруу белгиси коюлуп, бөлүшүлгөнү чындык (Фактчекинг)

Башкача айтканда, Садыр Жапаровдун расмий баракчасынан бул пост бөлүшүлгөн.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаравдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы баракчасы 27-мартта верификациядан өтүп, расмий баракча катары белгиленген.

Бирок, буга чейин да Жапаровдун баракчасынан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге “Көзү эле эмес көөдөнү да сокур экен бул акмак- помощниктин” деген билдирүү калтырылган. Кийинчерээк, Президенттин аппараты Садыр Жапаровдун аккаунту чабуулга учураганын билдиришкен.

Чыңгыз Абдымомунов деген ким?

Чыңгыз Абдымомунов активдүү фейсбук колдонуучусу. Ал көбүнчө Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Адахан Мадумаровду колдогон постторду чыгарат.

​Роза Отунбаеваны күнөөлөгөн постко Садыр Жапаровдун аккаунтунан жактыруу белгиси коюлуп, бөлүшүлгөнү чындык (Фактчекинг)

Чыңгыз Абдымомунов Жалал-Абаддык укук коргоочу катары Kloop.kg маалымат агенттигине бир канча жолу маек берген. Мындан сырткары 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясы менен шайлоого катышкан деген да маалыматтар бар. Бул партияны ошол убакта бизнесмен Аскар Салымбеков жана Адахан Мадумаров жетектеп барышкан.

Жыйынтык: Роза Отунбаеваны күнөөлөгөн постко Садыр Жапаровдун аккаунтунан жактыруу белгиси коюлганы чындык. Мындан сырткары, сүрөттө фотошоптун элементтери табылган жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты