Президент Ош жана Жалал-Абадда жаңы аэропорт куруу долбоорлору менен таанышты

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты. 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот. 

Иштеп жаткан “Ош” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 га жана иштеп жаткан “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты  78,2 га түзөт.

Тилкелерди кароонун жүрүшүндө Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында эски аэропорттордун ордуларындагы аймакты комплекстүү пайдалануу зарылдыгын белгиледи – заманбап турак жай кичирайондору курулат. 

Бул аймактарда курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты