Бишкектеги көмүр базаларынын даректери

Бишкек шаарынын төрт районунда кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер башталды. Көмүр камдоо 2022-жылдын июль айында башталган.

Ленин районунда төмөнкү даректер боюнча 7 көмүр базасы иштейт:

  • Садыгалиев көчөсү, №4б дарегиндеги «Руслан ижана МАК» ЖЧКсы (мурдагы «Ак-Жол» ЖЧКсы);
  • Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы (патенттин негизинде: Мустафаев Улан);
  • Мурманск көчөсү, 45/2 дарегиндеги «Кара-Тоо» ЖЧКсы (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы);
  • Мурманск көчөсү, 122 жана 122а даректериндеги «Береке» ЖЧКсы;
  • Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги «Беш Сары» ЖЧКсы ;
  • Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы;
  • Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегиндеги «Болотбеков» ЖИ.
    Ошондой эле, жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуу боюнча 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр базасы бар.

Октябрь районунда
Октябрь районунун аймагында Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү 98а дарегинде «Глобал Азия Пропертис» ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.

Биринчи май району
Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты