Билим берүү министрлиги Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсү менен байланыштуу отелде  иш-чара өткөрүүнү көздөөдө

Билим берүү жана илим министрлиги 21-22-октябрда орус тилдүү билим берүү мекемелеринин директорлорунун форумун өткөрүүнү көздөп жатат. Ал эми ал отель Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсү менен байланыштуу.

Министрликтин расмий пресс-релизинде иш-чаранын биринчи күнү “Дамас” отелинде өтөөрү айтылат.   

«ПолитКлиника» медиасынын «Мальта, оффшор жана 4 жылдыздуу мейманкана: Булар менен экономика министри Акылбек Жапаровдун байланышы» аттуу иликтөөсүндө бул мейманканага де-факто Акылбек Жапаров ээлик кыларын бир канча булактар айтып берген.

Мейманкананын курулуш иштерине катышкан куруучулардын бири атын атабай берүүнү суранып, төмөндөгүлөрдү баяндаган:

«Мен шыбакта иштедим. 4-5 жолу Акылбек Жапаровду, эки жолу аялын өз көзүм менен көрдүм. Айрым учурларда алар келип, ылдыйкы кабатта жүрүшкөнүн балдардан дагы угуп калчумун. Анын уулу дагы келип турчу, атын унутуп калдым. Ар бир ишемби күнү уулу биздин айлыктарды алып келип, прорабга берчү, ал бизге таратып берчү» дейт куруучу.

АДАМ университетинин (мурдагы Бишкек финансылык-экономикалык академия) пресс-релиздеринин биринде иш-чараны өткөрүүгө Акылбек Жапаров мейманкана бергени айтылат.

«Иш-чараны өткөрүүгө «Дамас» мейманканасынын конференц-залын бергени үчүн БФЭАнын ардактуу бүтүрүүчүсү, экс-вице премьер министр, экономика илимдеринин доктору А.Ү.Жапаровду өзгөчө белгилеп кеткибиз келет» деп жазылат пресс-релизде.

Анын үстүнө Жапаровдун уулу Максатбек Акылбек уулу LinkedIn социалдык тармагындагы профилинде өзүн Globalico Holdings компаниясынын менеджери деп көрсөткөн.

Көз каранды эмес эксперттердин баасы боюнча, имараттын болжолдуу баасы 8 млн доллар турат. Спутниктен алынган тасмалар мейманкана 2010-жылдан тартып 2013-жылга чейин курулганын көрсөтүп турат. Бул учур Акылбек Жапаровдун экономикалык өнүгүү жана соода министри, биринчи-вице премьер министр, депутат жана финансы министри болгон учурларына дал келет.

Акылбек Жапаров өзү 2017-жылы «ПолитКлиникага» берген маегинде «Дамас» мейманканасына тиешеси жок экенин айткан. Бирок ошол эле маегинде айтканына караганда, анын аялы ийгиликтүү ишкер айым, ошондуктан мейманкана Анара Жапарованын акчасына же Абыкеев айткандай, насыяга алынган акчага курулган деген ыктымалдуулук дагы жок эмес.

Бирок башка маекте Жапаров ал жакта аялы Анара Жапарованын үлүшү бар экенин айтып берген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты