Баткенде спорттук иш-чарада коопсуздук эрежелери сакталбай, чек ара аскер кызматкери каза тапты
- 1 год мурун
8-ноябрда Спорттук-атайын иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам Баткен облусунун чек ара отрядынын келишимдик негизде иштеген аскер кызматкери курман болду.
Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан 9-ноябрда билдиришти.
Баштапкы маалыматтар боюнча, спорттук-атайын иш-чара учурунда прапорщик Ы. уулу С. башынан оор жаракат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Тез арада медициналык жардам көрсөтүлгөгдүгүнө карабастан, аскер кызматкери каза болуп калган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза жана тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү