Айсулуу Тыныбекова UWWден 10 миң доллар алат

  • 3 года мурун

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Токио олимпиадасынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн күрөш боюнча бириктирилген уюму- UWW ден дүйнөлүк рейтингде кыз-келиндер арасында баарынан көп упай топтогондугу үчүн белек катары 10 миң доллар алат.   

Бул  тууралуу уюмдун UWW сайтында маалымдалды.   

-Кыз-келиндер күрөшүнүн бир да өкүлү рейтингде Айсулуу Тыныбековадай упай топтой алган жок. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону бул жылы жалпысынан 136 упайга ээ болду: апрель айында ал Азиянын чемпиондугун жеңди, буга 18 упай алды, андан кийин Польшада алтын медаль алып, 16 упай топтоду.

Олимпиада оюндарында күмүш медаль алууга жетишти, бул ага 44 упай алып келди. Дүйнө чемпионатында ал өз титулун сактап, 58 упай алууга жетишти. Ушул иш-чаранын бардыгын кошкондо, Айсулуу Тыныбекова 136 упай топтоп, жылдык дүйнө рейтингинде биринчи орунга чыкты.  

Ал эми Токио олимпиадасында алтын медаль алган Юкако Каваи 68 упай топтоп, экинчи орунду алды.

<strong>Айсулуу Тыныбекова UWW</strong><strong>ден 10 миң доллар алат</strong>

Сүрөттөр: UWW.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты