15 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2019 жана 2020-жылдарга салык декларациясын тапшырган эмес

  • 3 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2019 жана 2020-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын иштеп чыгуунун жыйынтыгында 15 478 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырбагандыгын аныктады. Анын ичинен 9 миң 403 декларация 2019-жыл боюнча жана 6 миң 75 декларация 2020-жыл боюнча.

Мындан тышкары, мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен (1-апрелден кийин) 1 миң 496 декларация тапшырылган.

Жалпысынан ушул жылдын 13-декабрына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же алмаштырган адамдардан 2020-жыл үчүн 58 миң 437, 2019-жыл үчүн 54 миң 339 декларация түшкөн.

Бүгүнкү күндө салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 103 миң 717 декларациясы иштелип чыгып, талдоо жүргүзүлдү. Анын ичинде 2019-жылга — 50 миң 17, 2020-жылга — 53 миң 700.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын сайтында мыйзамга ылайык, 6 миң 200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын (саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары) кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтар жарыяланган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты