1-сентябрга чейин транспорт жана турак жай салыгы боюнча маалыматтык эсеп берилиши керек

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин учурдагы салык мезгили үчүн транспорт каражатына жана турак жайга салык боюнча маалыматтык эсепти толтуруп, салык органына тапшыруу керектигин эскертет.

Бул тууралуу салык кызматы билдирди.  

Салык төлөгөнгө чейин төмөнкүлөр тапшырылышы керек:

— транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-090);

— турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-086).

Маалыматтык эсепти эки жол менен тапшырса болот: электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн административдик айып каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты