Статком: Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 626 млрд сомду түздү

  • 2 года мурун

2021-жылдын он бир айына карата Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 626 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга жогору.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 569 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,1 пайызга жогорулаган.

Маалыматта ИДПнын көлөмүндөгү бул өсүш кызмат көрсөтүүчү тармактардын эсебинен камсыздалганы айтылат. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (43,7%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген.

ИДПнын түзүмүндө товар өндүрүү тармактарынын үлүшү — 42,6%, өнөр жай тармагынын үлүшү — 20,2%, айыл-чарба тармагынын үлүшү — 16,1%, курулуш тармагынын үлүшү — 6,3% түзгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты