Адылбек Касымалиев: 2025-жылдын 8 айында ИДПнын көлөмү 1 трлн сомдон ашты
- 2 месяца мурун
2025-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 триллион 42,1 миллиард сомду түздү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, жыл башынан бери ИДПнын өсүү темпи 11,0%ды түздү.
“Өсүү экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыз кылынды: курулуш тармагы — 34,8%га, тейлөө тармагы — 9,5%га, айыл чарбасы — 2,4%га өстү. Өнөр жайында өсүш — 11,6% түздү. Айрыкча жогорку көрсөткүчтөр: фармацевтикада – 2,2 эсеге, тамак-аш өндүрүшүндө – 44,4%га, резина жана желим буюмдарын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүдө – 32,2%га, химиялык продукцияны өндүрүүдө – 22,8%га, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө – 7,1%га, тоо-кен өндүрүшүндө – 15,5%га өсүштү түздү. Бул абдан позитивдүү көрсөткүч” деди Касымалиев.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, 8 айдын жыйынтыгы менен негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 166,0 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 20,1%га өскөн. Анын 30%зы же 49,3 млрд сому республикалык бюджеттен каржыланган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 эсеге көп (2024-жылы — 17,5 млрд сом). Жыл башынан бери инфляциянын деңгээли 5,1%ды түздү.
“Биз товарлардын бааларынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек” деди ал.
Сүрөт: gov.kg




