Көкөмерен дайрасына балык кармоого чыгып, дайынсыз болгон жаранды издөө улантылууда
- 1 год мурун
Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясынан изделип жаткан 28 жаштагы жаранды издөөнү улантууга бүгүн, 26-май күнү саат 06:40та Жайыл районунан 7 куткаруучу, дрон менен тартылды. Кошумча Жумгал районунан 8 куткаруучу дрону менен чыкты.
2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө иши уланууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




