Нарын облустук оорукана бөлүм башчысы операция үчүн акы доолап, кармалды
- 4 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы К.Т.С. пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, кармалган К.Т.С., Нарын облусунун Ак-Кудук айылынын тургуну К.У.Т. дан, анын атасына жасалган операциясы үчүн 90 миң сомду опузалап талап кылган. Соттун санкциясына ылайык, кармалган К.Т.С. Нарын шаарындагы №24 убактылуу камоо жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү