Балык уулоо маалы расмий ачылды  

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 29-мартта, “2026-жылга балык уулоо сезонунун ачылышы” аттуу эл аралык балык уулоо спорттук иш-чарасына катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан – тоолуу өлкө, ошол эле учурда Кыргызстан – Борбор Азиянын суу мунарасы экенин белгилеп, Кыргызстанда спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого суу объекттери ылайыкташканын билдирди.   

“Балык чарбасы – бүгүнкү күндө Кыргызстанда абдан жакшы өнүгүп баратат, ички муктаждыкты толук жапты. Андан тышкары балык азыктарын кеңири экспорттоого жетишип жатат. Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясы менен макулдашуу менен Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти өлкөдөгү балык чарбасына караштуу суу объектилеринде балык уулоо үчүн аңчылар жана балыкчылар менен тыгыз иш алып барып жүрүшөт. Агро-смарт аркылуу электрондук балык уулоочу билет системасы иштеп жатат. Булардын баары —  Кыргызстандын табият ресурстарынын масштабын, балык уулоо мүмкүнчүлүктөрүн жана спорттук-балык чарбасынын дараметин көрсөтөт”, — деди ал. 

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргызстандын балык уулоочу спортчулары да эл аралык чоң мелдештерде өздөрүн көрсөтө  баштаганын белгилеп өттү.

“Фидер” дисциплинасындагы Кыргызстандын курама командасы 2024-жылы Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында 20-орунду ээлеген. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Алдыда апрель айында Италияда 15-дүйнөлүк чемпионат болот. Тузсуз сууда балык уулоо боюнча Эл аралык федерацияга 70 өлкө мүчө болуп кирген. Ага Кыргызстандын курама командасы да активдүү даярданып жатат.

“2026-жылга балык уулоо сезонунун ачылышы” аттуу балык уулоо спорту боюнча “фидер” дисциплинасындагы эл аралык турнир үстүбүздөгү жылдын 28–29-март күндөрү өткөрүлдү. Эл аралык турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан фидер багытындагы курама командаларынын атынан 60 спортчу катышты. Жыйынтыгында байге ээлерине атайын сыйлыктар тапшырылды. 

Кыргызстанда 2016-жылы Балык уулоо спорту боюнча федерация расмий түрдө түзүлгөн.

Балык уулоо маалы расмий ачылды  
Балык уулоо маалы расмий ачылды  
Балык уулоо маалы расмий ачылды  

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты